БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. "Келечек оюндары" — Россияда гана жасала турган уникалдуу долбоор. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Игорь Столяров ири иш-чаранын жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып билдирди.
Столяров буга чейин мындай форматтагы мелдеш эч жерде өтпөгөнүн белгилеген. Казандагы "Келечек оюндарына" 116 мамлекеттен 2 миңдей адам катышкан. Байге фонду 10 миллион долларды түздү.
"Билеттин бири калбай сатылып, зал толду. 3,2 миллиард жолу көрүлсө, анын 34 пайызын түз эфир, 66 пайызын "Келечек" оюндарынын контенти түздү", — деген ал.
"Келечек оюндары" — спорт, киберспорт, илим жана жогорку технология айкалышкан ири мелдеш. Долбоор 21-февралдан 3-мартка чейин Россиянын Казань шаарында уюштурулган.