Кыргызстан ЕАЭБде салык кирешелери боюнча лидер. Сандар

Өлкөнүн салыктан түшкөн кирешелеринин негизги үлүшү кошумча нарк салыгына (23 пайыз) туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Былтыр ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде салыктан түшкөн киреше көбөйүп, Кыргызстан алдыга чыккан. Бул туурасында Евразиялык экономикалык комиссия кабарлады.
2023-жылдын 2022-жылга салыштыргандагы көрсөткүчтөрү:
Кыргызстанда — 28,6 пайызга;
Казакстанда — 27,4 пайызга;
Арменияда — 15,5 пайызга;
Россияда 11,3 пайызга өскөн.
Өлкөлөрдүн бюджетине салыктан түшкөн кирешелердин негизги үлүшү кошумча нарк салыгына (23 пайыз) туура келет. Бул маалыматтарда Беларустуку көрсөтүлгөн эмес.
ЕАЭБде жумушсуздук дээрлик 14%га кыскарды. Кыргызстанда абал кандай