Бишкекте автобус айдоочуларынын көбү жол эрежеси боюнча тесттен өтпөй калды

Тестте көп бузулган эрежелер боюнча суроолор камтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкекте автобус айдоочуларынын көбү жол эрежеси боюнча экзаменден өтпөй калганын ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.
Сынакка 222 айдоочу катышып, 98и гана ийгиликтүү тапшырган.
1 / 3

Сынакка 222 айдоочу катышып, 98и гана ийгиликтүү тапшырган

2 / 3

Тесттен өтпөй калган айдоочуларга кетирген каталарынын үстүнөн иштеп, кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк берилди

3 / 3

Экзаменден кийин жол инспекторлору профилактикалык баарлашуу өткөрүштү

"Тесттен өтпөй калган айдоочуларга кетирген каталарынын үстүнөн иштеп, кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк берилди. Экзаменден кийин жол инспекторлору профилактикалык баарлашуу өткөрүштү", — деп айтылат маалыматта.
Пресс-борбор
Маршрутка айдагандардын айдоо деңгээли жакшырдыбы? ИИМдин жообу