13-мартка карата аба ырайы

13-мартка караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көлдө -1...+4, Талас өрөөнүндө -3...+2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Нарында -4...+1 градус болору айтылды.
Түнкүсүн Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада +2...+4, Ошто +5...+7 градуска жетет.
Жаан-чачындуу болот. Кыргызстан боюнча 16-мартка чейинки аба ырайы