Учакты башкарып баратып уктап калган индонезиялык эки пилот иштен четтетилди

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Учак башкарып бараткан эки индонезиялык пилот жарым саат уктап калган окуя иликтенип, учурда учкучтар иштен четтетилди. Бул тууралуу эки индонезиялык пилот France-Presse агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта окуя 25-январда Сулавеси аралынан өлкөнүн борбор калаасы Жакартага учуп келе жатканда болгону айтылат. Навигациялык эрежелер бузулганы менен жүргүнчүлөр, экипаж мүчөлөрү жабыр тарткан эмес.
"Териштирүү жүргүзүп, Индонезиядагы түнкү учууларды текшеребиз. Пилоттордун, операторлордун эс албай ишке кирүүсү, аны менен байланышкан тобокелдиктер каралат", — деген аба транспортунун башкы директору Кристи Энда Мурни.
Агенттиктин маалыматы боюнча, биринчи пилот эс алууну өтүнүп, башкарууну шеригине өткөрүп берген. Бирок экинчи пилот да бир аздан соң уктап кеткен. Ал арада Жакартадагы башкаруу борбору самолет менен байланышууга аракет жасаган, бирок эч кандай жооп болгон эмес. 28 мүнөттөн кийин ойгонгон учкуч дароо кесиптешин ойготуп, Жакартага жооп берип, учакты өз траекториясына кайтарган.
Самолет аман-эсен көздөгөн жерине жетип конгону айтылды.
Россияны сатып кеткен учкуч Испанияда киши колдуу болду. Чоо-жайы