БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россия менен санкциялык тирешүү Европанын өзүнө келип тийди, тагыраагы, эл аралык төлөм каражаты катары болгон еврого кызыгууну суутуп, аймакка инвестициялык агымды жайлатты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Аталган агенттиктин сурамжылоого алынган эксперттери Россиянын активдерин жана андан түшө турган кирешесин тоңдура турган кезектеги кызыл кулактык ЕБдин инвестиция үчүн жагымдуу борбор болуу келечегине доо кетирерин айтышкан.
Украинага карата атайын операция башталгандан тарта ЕБ менен G7 өлкөлөрү Россиянын валюталык резервинин дээрлик жарымын, 300 миллиард еврого жакынын тоңдуруп койгон. 200 миллиард еврого жакын сумма ЕБде, негизинен бельгиялык Euroclear —дүйнөдөгү клирингдик-эсептик система боюнча ири компанияда жатат.
Дүйшөмбүдө юстиция боюнча еврокомиссар Дидье Рейндерс Евробиримдикке Россиянын тоңдурулган акчасынан 2027-жылга чейин 15 миллиард евро пайда түшүрөрүн жана аны колдонуу боюнча жакынкы аралыкта макулдашуу болоруна ишеним артып турганын билдирген. Кремль мындай чечим менен "эл аралык укуктун нормасын жана бардык нормаларды оройлук менен бузууга дагы бир кадам жасаларын" айтты.
Санкциялык бумеранг
Европанын инвестициялык жактан жагымдуулугуна санкциянын биринчи жылдарынан тарта эле доо кете баштаган. 2019-жылдан бери аймакка чет элдик инвестициянын кирген агымы өскөн, бирок 2022-жылы 7,714 триллион еврону түзүп, мурдагысына салыштырмалуу 1,5 пайызга ылдыйлаган. Эл аралык валюта фондунун маалыматына таянсак, муну менен катар эле борбордук банктарда резервдик валюта катары евронун үлүшү төмөндөй баштады. Эл аралык төлөм каражаты катары суроо-талаптын ылдыйлашын банктар аралык SWIFT системасы да көрсөткөн.
Россиянын акчаларын конфискациялоонун кесепети кандай болот?
Сурамжылоого катышкан эксперттер Россиянын акчасын тоңдуруп коюу көйгөйдү тереңдетерин айтышкан. Конфискация болуп калса еврого жана жергиликтүү клиринг борборлоруна чет элдик инвесторлордун ишенимин "тазалайт".
"Еврого ишенимдин жок болушу оор кесепетке, анын дүйнөлүк экинчи резервдик валюта деген макамынан ажырашына алып келет. Россиялык активдерди конфискациялоо Европадан инвесторлордун кетишин шарттайт", — деген Корпорациялык финансылоо банкынын Аналитикалык башкармалыгынын башчысы Максим Осадчий.
"Активдерди конфискациялоо саясий туруксуздук болууда жана ЕБ күтпөгөн нерселерге барат деген таасир калтырып эл аралык инвесторлорду чочутат. Мындан сырткары, аймакты инвестиция үчүн коопсуз жана стабилдүү жер катары кабылдоого кедерги болот", — деген Томскидеги Радиоэлектроника жана башкаруу системасы боюнча улуттук университеттин алдындагы Улуттук технологиялык демилгелердин компетенциялык борборунун директорунун орун басары Руслан Пермяков.
Активдерди конфискациялоо, мындан тышкары, Европа өлкөлөрүнүн Африка, Азия жана Латын Америкасындагы коммерциялык диалогдогу өнөктөштөрү менен соодасынын көлөмүн азайтары туурасында анын кесиптеши Тимофей Воронин да кошумчалаган.
Жакшы эмес көрсөткүчтөрдү финансылык бийликтин өздөрү да күтүп отурат. Тагыраагы, Еврокомиссия быйылкы жылдагы жыйынтык экономиканын өсүү келечегин 1,3 пайыздан 0,9 пайызга төмөндөткөнүн көрсөттү.