Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Президент болуп калса Украинага бир тыйын бербейт. Орбан Трамп тууралуу айтты

Венгриянын өкмөт башчысы эгер америкалыктар акча бербей койсо, европалыктар өздөрүнүн күчү менен согушту каржылай албастыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп алдыдагы шайлоодо жеңип, мамлекеттин башына кайрадан келсе Киевге акча бербөөгө убада кылды. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан айтканын РИА Новости жазды.
Жума күнү кечинде Трамп Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен Флоридадагы үйүндө жолукканын америкалык саясатчынын маалымат кызматы билдирген эле. Алар үч саатка чукул сүйлөшүп, диалогду кечки тамак жана концерт жайынтыктаган.
"Украина өзү бутуна туруп жатпаганы маалым. Эгерде америкалыктар, алардын артынан европалыктар курал-жарак, каржы берүүнү токтотсо, согуш да аяктайт. Америкалыктар акча жөнөтпөсө европалыктардын кармашты каржылоого чамасы жетпейт, демек, күнү бүтөт. Трамп азыр президент болбосо да анын партиясы демократтардын чатакка каражат бөлүүсүнө тоскоолдук кылып келет. Трамп Ак үйгө кайтып келсе согушка бир тыйын да бербестигин, ошону менен кармаш аягына чыгарын айтты", — деген Орбан.
Венгриянын өкмөт башчысы Трамп АКШнын президенттик креслосуна отурса дүйнө үчүн да жакшы болот деген пикирин билдирген. Анысын бул киши Ак үйдө отурганда Жакынкы Чыгышта жана Украинада чатак болбогону менен негиздеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Трамп кайра шайланса Украинаны сүйлөшүүгө жетелейт