Өлкөдө аялдар күнүнө үй оокатына канча саатын коротот. Статистика

Эркектер үй жумуштарынан сырткары баланы тарбиялоого да аз убакыт бөлүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстанда аялдар эркектерге салыштыра келгенде, үй жумуштарына дээрлик беш эсе көп убакыт коротушат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекеменин маалыматына таянсак, үйдүн оокаты көбүнчө аялдардын мойнунда деп эсептелип, буга өз убактысынын 18 пайыздан ашыгын кетирет.

"Аялдар үй иштерине күн сайын орто эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлөт. Ошол эле учурда эркектерде бул 4 пайызга жакын убакытты түзөт", — деп жазылган маалыматта.

Натыйжада аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик беш эсеге, ал эми балдарды тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротору айтылды.
Кыргызстандык кыз-келиндер канча жашында турмуш курат? Статистика