Эрназар Акматалиев Түркиядагы турнирди жеңип алтын тагынды. Видео

Балбан төрт атаандашын артта калтырган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Балбан Эрназар Акматалиев Түркияда өтүп жаткан Yasar Dogu&Vehbe Emre эл аралык турниринин финалында жеңишке жетишип, алтын медаль тагынды.
Кыргызстандык спортчу 70 килограмм салмак категориясында күч сынашкан. Алгач мекендеши Алибек Осмонов менен беттешип жеңишке жетти. Андан соң тажикстандык, япониялык жана монголиялык атаандаштарын артта калтырган.
Бул турнирде Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Бекзат Алмаз уулу, Улукбек Жолдошбеков алтын тагынышса, Алмаз Сманбеков, Бекболот Мырзаназар уулу жана Үзүр Жузупбеков коло алып кубанычка бөлөштү.
Кыргызстандык дагы 2 балбан Түркиядагы турнирде алдын медаль утту. Видео