Кыргызстандык кыз легендарлуу Переделкино жазуучулар үйүнүн резиденти болду

80-жылдардын башында Чыңгыз Айтматов ушул жерде жашап, иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Биринчи жолу кыргызстандык кыз Айзада Амангелди легендарлуу Переделкино жазуучулар үйүнүн резиденти болду. Бул тууралуу аталган үйдүн сайтына жарыяланды.
1 / 2

Биринчи жолу кыргызстандык кыз Айзада Амангелди легендарлуу Переделкино жазуучулар үйүнүн резиденти болду.

2 / 2

2024-жылы биринчи жеке резиденция үчүн Чыгармачылык үйгө 100дөн ашык арыз түшүп, 12 талапкер тандалып алынган.

2024-жылы биринчи жеке резиденция үчүн Чыгармачылык үйгө 100дөн ашык арыз түшүп, 12 талапкер тандалып алынган. Алардын арасында кыргызстандык драматург, продюсер жана режиссер Айзада Амангелди дагы бар.
Переделкино - өткөн кылымдын 30-жылдарында Москванын жанында пайда болгон жазуучулардын легендарлуу шаары. Бул жерде ХХ кылымдын көрүнүктүү жазуучулары эмгектенген. Ал эми 80-жылдардын башында Чыңгыз Айтматов ушул жерде жашап, иштеген.
Кыргыз адабий сынынын бийик чокусу эле. Кеңешбек Асаналиев тууралуу 17 факт