Мектепте акча чогултса 60 миң сомго чейин айып салуу мыйзам долбоору сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Окуучулардан акча чогулткандарга ири суммада айып пул салуу сунушталды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Ага ылайык, мыйзамсыз акча чогулткан жеке жактар 20 миң сом айыпка жыгылат. Ушундай эле иштер коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалса жеке жактар 40 миң, юридикалык тараптар 60 миң айып төлөйт. Муну көзөмөлдөө Ички иштер министрлигине жүктөлөт.
Эл өкүлү мектепте акча чогултууга тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгы чыкканына карабай улантылып жаткандыктан жоопкерчилик киргизүү керектигин белгилейт.
Радио
Кусеинова: аттестациялоо аркылуу мугалимдердин айлыгына акча кошуу максатталууда