Кыргызстанда 452 айыл өкмөттүн жарымы жоюлуп, 8 шаар кеңеет

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Административдик-аймактык реформанын негизинде айыл аймактарын жана шаарларды ирилештирүү процесси жүрүп жатат. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Анын алкагында 452 айыл өкмөттүн 217си кыскарып, 235 ирелештирилген айыл аймак түзүлөт.
Ал эми Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Балта жана Токтогул шаарларына чектеш айылдар кошулуп, аянты кыйла кеңеет.
Шамалды-Сай айылы Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгарылып, райондук маанидеги шаар макамын алууда. Ал Ноокен районунун курамына киргизилет.
Бүгүнкү күндө бардык жерде административдик-аймактык реформа боюнча иштер кызуу жүрүп жатканы белгиленди. Атайын жумушчу топ түзүлгөн.
Радио
Бакасов: аймактык реформанын жыйынтыгы менен райондордун калары күмөн