Бишкектин жанында торпок менен аламан улак тартышты. Сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкектин жанында, "Манас" аэропортуна жакын жерде торпок менен аламан улак тартышты.
1 / 7

Бишкектин жанында, "Манас" аэропортуна жакын жерде торпок менен аламан улак тартышты

2 / 7

Оюнчулар 80 килограммдык торпокту улак ордуна колдонушту

3 / 7

Оюнду баш прокурор, Көк бөрү боюнча эл аралык ассоциациянын президенти Курманкул Зулушев ачты

4 / 7

Байгеге акчалай сыйлык жана төө коюлду

5 / 7

Эрендердин бул эр таймашына жарым миңге чукул киши катышты

6 / 7

Бишкектин жанында, "Манас" аэропортуна жакын жерде торпок менен аламан улак тартышты

7 / 7

Бишкектин жанында, "Манас" аэропортуна жакын жерде торпок менен аламан улак тартышты

Оюнчулар 80 килограммдык торпокту улак ордуна колдонушту.
Оюнду баш прокурор, Көк бөрү боюнча эл аралык ассоциациянын президенти Курманкул Зулушев ачты.
Байгеге акчалай сыйлык жана төө коюлду. Эрендердин бул эр таймашына жарым миңге чукул киши катышты.
Аламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда салмагы 30-40 килограмм улак же 70-80 килограммдык торпок тартылат. Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге таштаган улакчы соорун алат. Оюндун калысы алдын ала кайсы байге үчүн кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат. Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы, алыстан келген конокторго улак тийсин деп, ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат.
Ошто тартылган аламан улактын сүрөтү эл аралык сынакта жеңүүчү деп табылды