Радио

Бишкектин четине курула турган ат майдан Колизей тибинде болот

Көк бөрү федерациясынын биринчи вице-президенти Нурлан Максутов жаңы ат майдандын курулушу улуттук спорттун түрлөрүнүн, көк бөрүнүн өнүгүшүнө жол ачарын айтты.
Sputnik
Көк бөрү федерациясы жаңы ат майдандын курулушу үчүн Колизей тибиндеги эскиздик долбоорду даярдады. Бул тууралуу Нурлан Максутов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин четиндеги 230 гектар аянтты камтыган ат майдан 13 500 адамга ылайыкталып курулат.

"Бишкектин четине жаңы ат майдан куруу үчүн 230 гектар жер бөлүнгөн. Учурда Көк бөрү федерациясы жаңы ат майдандын курулушу үчүн Колизей тибиндеги эскиздик долбоорду даярдады. Ипподром 13 500 адамга ылайыкталып, бардык шарты менен салынмакчы. Бул улуттук спорттун түрлөрүнүн, көк бөрүнүн өнүгүшүнө жол ачат. Ичинде этнокомплекс, музей, машыгуу үчүн спорттук аянтча, маданий парктар, аттарды кармай турган жай да жайгашат. Ал жакка каалоочулар келип, ат минип, көк бөрү менен таанышып, ата мурасын жаштарга жеткирүүчү жакшы аянтча болот", — деди Максутов.

Ошондой эле адис учурда ат майдандын орду даярдалып, курулуш иштери башталуу этабында турганын кошумчалады.