Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы турнирде алтын утту

Балбан финалдык беттеште казакстандык Елена Кузнецова менен кармашып, жеңишке жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы турнирде алтын утту.
Балбан финалдык беттеште казакстандык Елена Кузнецова менен кармашып, жеңишке жетти. Ал 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
Yasar Dogu&Vehbe Emre аттуу эл аралык мелдеш Түркиянын Анталья шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан 33 балбан барары маалымдалган.
Кечээ Айпери Медет кызы аталган мелдештен алтын уткан.
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде эки кыргызстандык балбан кыз 1-сапка чыкты