Мавланбекова: кыргызстандыктар астма менен көп ооруй баштады

Акыркы кезде экологиянын бузулушуна байланыштуу бронх астмасы абдан көбөйгөнүн аллерголог-терапевт Арууке Мавланбекова айтты.
Sputnik
Бронх астмасы өнөкөт оору болгондуктан биротоло айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок дарылоо менен аны көзөмөлдөгөнгө, улам кармай берүүсүн толук токтотуп же азайтуу мүмкүн. Бул тууралуу Арууке Мавланбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айрым бейтаптар астманы аллергия менен алмаштырып алышат. Бардык эле аллергия астмага өтпөйт.
"Бронхиалдык астма Кыргызстанда абдан актуалдуу оорулардын бирине айланып калды. Себеби экологиянын бузулушу бронх оорулрына таасирин тийгизүүдө. Бронхиалдык астма — бул өнөкөт оору. Өпкөнүн сезгенүүсүнөн да келип чыгат. Учурда жаш балдардан баштап улгайгандарга чейин ооруп жатышат. Алгач жөтөлүп, анан тамагы кырылдап, бара-бара аба жетишпей жаткандай сезим пайда болот. Оорунун башталышы ар бир адамдын организмине жана оорунун себебине жараша да айырмаланат", — деди Мавланбекова.
Ал бронхиалдык астма тукум куучу оорулардын катарына кирерин кошумчалады.