Пресс-борбор

Эксперт: ЕАЭБ транспорт маселелерине чоң көңүл бурат

Транспорт маселеси Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилигинин деңгээлинде такай көтөрүлүп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинде транспорт маселелерине чоң көңүл бурулат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн консультанты Светлана Антонова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Борбор Азиядагы транспорт коридорлорунун азыркы этаптагы геосаясаты" аттуу видеоконференцияга катышты.
"Биз — бирдиктүү Евразиялык экономикалык мейкиндиктин бир бөлүгүбүз. Акыркы жылдары транспорт маселеси Евразиялык экономикалык комиссиянын ар бир отурумунда, өкмөттөр аралык жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештердин отурумдарында (ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жана өкмөт башчыларынын саммиттери – ред.) көтөрүлүп келет", — деди Антонова.
Консультант декабрда Алматыда өткөн өкмөттөр аралык кеңешмеде Түндүк — Түштүк транспорт долбоору артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоор деп табылганын кошумчалады.
ЕАЭБ тез өнүгүп жаткан Түштүк өлкөлөрү менен сооданы илгерилетүүдө