Садыр Жапаров массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту

Өлкө башчы ММК өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту

2 / 2

Жабык форматта өткөн жолугушуу бир катар жетекчилердин демилгеси менен эң актуалдуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулган

Жабык форматта өткөн жолугушуу бир катар жетекчилердин демилгеси менен эң актуалдуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулган.
"Иш-чарага телеканалдар, маалымат агенттиктери жана жаңылыктар порталдары сыяктуу медиалардын 40тан ашык өкүлү катышты. Баарлашуу эки сааттан ашык уланган. Анда коом жана медиа үчүн маанилүү маселелердин ар кандай аспектилери каралды", — деп айтылат маалыматта.
Өлкө башчы мамлекеттеги ачык-айкын маалыматтык саясатты камсыз кылуу үчүн ММК өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгилеген.
Жаман көрүнсөм мейли. Садыр Жапаров электр жарыгын чектөө боюнча үн катты