УКМК: Көлбаев "Кумтөрдөн" тымызын пайда көрүп турган

Атайын кызмат Көлбаев көзөмөлдөгөн фирмалардын Б. А. Б. жана Х. Д. А. аттуу жетекчилерин кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Камчыбек Көлбаев "Кумтөр голд компани" келишиминен пайда алып турганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, атайын кызмат Көлбаев көзөмөлдөгөн фирмалардын Б. А. Б. жана Х. Д. А. аттуу жетекчилерин кармаган.
"Кримтөбөл өз адамдары аркылуу алтын кенде иштегендерди тамак-аш менен камсыздоо боюнча "Гранд Электроникс" жеке компаниясы менен "Кумтөрдүн" ортосунда келишим түздүргөн. Андан түшкөн пайда кылмыштуу топторго байланышкан башка фирма аркылуу Көлбаевдин чөнтөгүнө келип турган", — деп жазылат маалыматта.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо" беренеси боюнча иш козголуп, кармалгандар Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Кумтөр голд компани" ишканасынын маалымат кызматы "Гранд Электроникс Стафф" ЖЧКсы кенде тамак-аш боюнча кызмат көрсөтпөй калганын билдирди.
"Компания "Кумтөрдү" тышкы башкаруу учурунда кызмат көрсөтүү үчүн тартылган жана кен менен 2022-жылдын майынан 2023-жылдын февралына чейин иштешкен", — дешти компаниядан.
БАЭден Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды