Сириус: Жаштар фестивалында Жаш ишкерлердин эл аралык коому түзүлдү

Ишкерлер үчүн атайын иш-чаралар уюштурулуп, анда бизнестин көйгөйлүү маселелери талкууланып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын катышуучулары Жаш ишкерлердин эл аралык коомун түзүү боюнча декларацияга кол коюшту. Бул туурасында аталган форумдун маалымат кызматынан кабарлашты.
"Коомчулук Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын мурасы болуп калмакчы, ал келечекте тажрыйбаны, билимди, ресурстарды бөлүшө турган борборго айланат. Катышуучуларга өз бизнесин түптөп-өнүктүрүүгө жардам берет, ар бир мамлекеттин бизнес-чөйрөсүн үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк жаратат, ишкерлердин жаңы рынокко чыгышына, байланыштардын кеңейишине, бул жаатта жаңы ийгиликтерге жетүүсүнө көмөктөшөт", — деген Росмолодежь уюмунун жетекчисинин кеңешчиси Олег Макаров.
Ал фестивалдын жаңы коомду түзүүгө жакшы аянтча болуп бергенин белгиледи. Жаш ишкерлер үчүн атайын иш-чаралар уюштурулуп, анда бизнестин көйгөйлүү маселелери талкууланып турат.
Декларацияга кол коюу салтанатына 36 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан.
Уюштуруучулар жаңы уюмга расмий катталган, ишеним жараткан бизнеси бар, эл аралык коомчулукка аралашууга умтулган, туруктуу өнүгүү принциптерин карманган 18-35 жаштагылар мүчө боло аларын айтышты.
Жаштардын дүйнөлүк фестивалы Россия лидери Владимир Путиндин жарлыгынын негизинде 1-7-март аралыгында Сириус федералдык аймагында өтүп, аны Росмолодёжь уюштурууда.
Иш-чарага 190 мамлекеттен 20 миңдей жаш лидер чогулган. Бишкек бул дүйнөлүк иш-чарага 200дөй делегат жөнөткөн.
Сириус: америкалык делегациянын башчысы күтүүсүз билдирүү жасады