Жаңы дүйнөлүк тартипке карай кадам. Путиндин кайрылуусунун өзөгү эмнеде

Россиялык президенттин кайрылуусу РФ менен Борбордук Азияны жакындатып эле тим болбостон, мамлекеттердин басымдуу бөлүгүн жаңы дүйнөлүк түзүлүш курууга тартат дейт Sputnik баяндамачысы.
Sputnik
Владимир Путиндин Федералдык жыйынга жолдогон кайрылуусу Россиянын ички окуясы катары кабылданганы менен дүйнөлүк ЖМКлардын да кызыгуусун жаратты. Ал эми быйыл президенттик шайлоо өтөрүн эске алсак, Путиндин сөзү өлкөнүн санкциялардан кыйгап өтүшү, экономикасынын бекемделип өсүүсү, Украинадагы атайын аскердик операциянын жүрүшү, Россиянын эле эмес, жалпы дүйнөнүн келечегин аныктаган чечимдери менен чоң жетишкендик катары кабыл алынмакчы.
Экономикалык, коомдук-саясий, маданий жана аскердик тармакка таасирин тийгизген реформалардын масштабын карап Россиянын заманбап, модернизацияланган, өнүккөн коом жашаган күчтүү мамлекет катары жаңы образын көрүүгө болот. Батыш өлкөлөрүндөгү моралдык нормалардын деградациясынын фонунда "россиялык жолду" бир топ мамлекеттер улуттук программаларын ишке ашырууда негизги өзөк катары карай алат. Бул жааттан алып караганда Россиянын ички өнүгүүсүнүн приоритеттери тышкы таасирге ээ болору шексиз, мында анын шарапатын Борбор Азия мамлекеттери менен евразиялык мейкиндик да көрөт.
Евразиядагы соода-экономикалык, транспорт жана энергетикалык кызматташууда негизги кыймылдаткыч күч болгон Россия бүгүнкү күндө коомдук-саясий, маданий, илим жана билим берүү чөйрөсүндө алдыда экени анык. Демек, Борбор Азия республикалары менен Россиянын өз ара байланыш-алакасы ал жакта болуп жаткан маанилүү окуяларды көз жаздымда калтырууга жол бербей турганы да кадыресе көрүнүш.

Өнүгүүнүн артылыкчылыктуу багыттары

Эл аралык ЖМКлардын ар кандай пикирине карабай Путин кайрылуусунда негизинен өлкө өнүгүүсүнүн ички приоритеттерине басым жасап, тышкы саясат экинчи орунда болду. Бир катар басылмалардын өкүлдөрү кайрылуу катаалыраак болот деп боолголоп, атайын операциянын максатына жетүүнүн, санкциялардан өтүү, Батышка туруштук туруунун, жалпы дүйнөлүк каршылашуунун жалпы контуру белгиленет деген ойдо эле. Анткен менен бүгүнкү күндө Россия коомчулугунда конфронтацияга ыктаган маанай жок, андыктан президенттин кайрылуусу социумдун талабын так чагылдырган күзгү болду.
Албетте, РФ лидери атайын операциянын жүрүшү тууралуу да, анын максатына жетиши боюнча да сөз кылды, бирок негизги басым карапайым калкка: жоокерлер менен офицерлерге, алардын үй-бүлөлөрүнө, оңой эмес учурда мойнуна оор жүк арткандарга жасалды. Андыктан Путиндин өлкөнүн чыныгы элитасы — чөнтөгүн толтуруп алгандар эмес, кызматын Мекенге арнагандар туурасындагы сөзүн жалган баалуулуктардын доорун аягына чыгарган урунттуу учур деп кабылдоого болот. Мунун баары учурда Россияда адам капиталы, өлкө өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти ала билген жаштар жана кийинки муундар приоритетке айланганын далилдеп турат.
Президенттин сөзүнө ылайык, өлкө приоритети биринчи кезекте экономика, өндүрүш, жаштар, үй-бүлө, билим берүү, маданият жана социалдык тармакты камтыган жаңы улуттук долбоорлордун башталышы менен байланыштуу. Өлкөнүн масштабы менен жогорулап бараткан потенциалына жараша коюлган максаттар да кеңири. Анткен менен постсоветтик мейкиндикте баалуулуктардын бурмаланышы, бир катар тармакта коюлган жаңылыш приоритеттер сыяктуу окшош көйгөйлөр бар. Мунун баарын кыска убакытта оңдой салуу мүмкүн эмес деңизчи, бирок өзгөрүү тенденциясы бар. Чыныгы элита: дарыгерлер, мугалимдер, аскер адамдары деген түшүнүккө кайтууга болорун Россия далилдеп жатат. Социалдык өзгөрүүлөрдүн мындай үлгүсүнө Борбор Азиядагы мамлекеттерде да, башка өлкөлөрдө да суроо-талап жаралары турулуу иш.
Батыш глобалдык жаңжалды беттеп баратат. Бүлүк салууга эмне себеп?

Салттуу баалуулуктарды коргоо

Бүгүнкү күндө постсоветтик өлкөлөрдүн салттуу коомдун эскирген эреже-талабынан адам укугу, инсандын эркиндиги башында турган европалык баалуулуктарга ыктагандагы сүйүнүчүн азыр эч ким деле эстебейт чыгар. Ал мезгилде Батыштан келген баалуулуктар адамдын социалдык өнүгүүсүндөгү талкуулангыс прогресс катары кабылданган эле. Мындай таңууланган идеология — адамдын жеке эркиндиги, үй-бүлөлүк жана башка нормалардан баш тартуу — бир нече муунду талкалап, бүтүндөй элдердин, мамлекеттердин келечегине балта чаба турган долбоор экенин анда эч ким аңдаган эмес.
Россия президенти өз кайрылуусунда айрым өлкөлөр мораль нормаларын, үй-бүлө институтун атайылап талкалап, бүтүндөй элдерди жок болууга түртүп жатканын айтты. Ал эми Россия "адам цивилизациясынын өзөгүндө турган салттуу баалуулуктарды" карманып жашай турганын жар салып келет. Өлкөлөр так аталбаса да Россия менен Батыштын азыркы каршылашуусуна саясий-аскердик маселе же ресурс менен территорияны талашуу эле эмес, жашоо философиясы үчүн да күрөш себеп болгонун түшүнүү кыйын эмес. Жамааттык Батыш — өзүнүн өзгөчөлүгүн, уникалдуулугун сактап, кийинки муунун ойлогон элдер үчүн экзистенциалдык коркунуч. Бүгүн Россия көп улуттуу калкынын салттуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарын сактоо жолунда баратат, бул багыт Чыгыштагы да, Батыштагы да бардык мамлекеттер тарабынан колдоого алынары шексиз.

Жаңжалдан кыйгап өтүүгө болобу?

Батыштагылар Путиндин сөзү эл аралык коопсуздук, өзөктүк куралдын пайдаланылышы сыяктуу курч мүнөздө болот дегени менен РФ лидери кайрылуусунда аскердик риториканы пайдаланган жок. Кремль курал-жарактын сыноодон ийгиликтүү өткөн жаңы түрлөрү тууралуу айтып жатып да адаттагыдай эле бардык тарабын ойлогон этият кадам шилтейт. Москва ушу тапта улуттук кызыкчылыгын коргоого болуп көрбөгөндөй даяр, дүйнөнүн жаңы тартибин да азыр күчтүү, көз карандысыз Россия болбосо куруу дегеле мүмкүн эмес. Ушунун баары россиялык лидердин кайрылуусунда ташка тамга баскандай даана айтылды.
Россия өзүнүн эле эмес, коопсуздугуна таасир эткен аймактардын да кызыкчылыгын коргоого дарамети жетерине бүгүнкү күндө жаш бала эле ишенбейт. Демек, Россия президентинин "жакынкы келечекте Евразиядагы тең жана бөлүнгүс коопсуздуктун жаңы контурун" түзүүгө даярдык боюнча айтканын көңүл сыртында калтырууга болбойт. Евразия мейкиндигинин алдында жаңы чакырыктар жаралышы толук ыктымал, буга Россия кайдыгер боло албайт. Москванын кызыкдар тараптардын баары менен талкууга даярдыгын Евразия мамлекеттери улуттук кызыкчылыгын коргоого мүмкүнчүлүк катары кабылдаганы оң. Анткени бул өлкөлөрдүн баса турган жолу бир.
Мунун баарын Батыш жакшы түшүнсө деле Европада эле эмес, Евразияда да "Россия жараткан кооптуулук" тууралуу, атургай Россия менен чектешкен мамлекеттер "тынч жашай албасын" айтып келет. Ошол эле учурда аскердик-саясий кызматташуу жаатында бөлүп-жаруу аракетинде. Буга Армениянын ЖККУдагы ишмердиги мисал. Кандай болгон күндө да кооптуулук Батыштан болууда. Чыгыш мамлекеттери коргонууда мыкты. Бул тарыхта бир канча ирет далилденген факт.

Келечек кандай болот?

Кайрылуунун дагы бир маанилүү жери — Россия президентинин келечектеги дүйнө тартиби тууралуу сөзү. Кайсы бир убакта дүйнөлүк тартип НАТО менен Варшава келишими уюмуна кирген мамлекеттердин кадимки жана өзөктүк куралдануусу боюнча принциптеринин негизинде түзүлүп, бири-бирин жок кылуу кооптуулугу күч шартта иштеп келген. Аскердик потенциалы СССРди кубаттуу державага айланткан эле, бирок экономикалык жактан Батыштан артта болчу. Азыр Россия өзөктүк куралдан кармануунун жана аскердик потенциалдын маанилүүлүгүн четке какпай, жаңы дүйнө тартибин түзүүдө экономикалык өнүгүүгө басым жасоодо. Көпчүлүктүн "дүйнөлүк экономиканы, соода, каржы, технологиялык рынокторду трансформациялоого" ыктаганын белгилеп келет. Эффективдүү жана коопсуз логистикалык коридорлорду, ошондой эле "саясаттан оолак болгон жаңы глобалдуу финансылык архитектураны" түзүүнүн келечегин ЕАЭБ, ШКУ, БРИКС жана башка бирикмелер менен тыгыз байланышта көрүүдө.
Россиянын келечекке болгон көз карашы, тандаган жолу Евразиядагы эле эмес, дүйнөнүн башка мамлекеттери үчүн да багыт болуп бере алат. Мындай саясат туруктуу, адилеттүү дүйнө тартибин курууга чыныгы кадам болуп саналары шексиз.
ЕАЭБ менен БРИКС дүйнөнүн глобалдык өзөгүн өзгөртүүдө. Серепчинин пикири