Аталган сот эмне иш алып барат, кимдер судьялык кызматты аркалайт, аларга кимдер кайрылат деген суроо менен биз ЕАЭБ сотунун судьясынын төрагасынын орун басары Айжамал Ажибраимова жана аталган биримдиктин сотунун дагы бир судьясы Марат Кайыповго кайрылдык.
— Евразия экономикалык биримдигинин соту эмне болгон орган?
Марат Кайыпов: — Мындан 10 жыл мурда ЕАЭБ тууралуу келишимге кол коюлуп, биримдик түзүлгөн учурда экинчи тиркеме болуп соттордун статусу жөнүндө документ жана алардын ишин алып баруучу регламент кабыл алынган. Ушул эл аралык келишимдердин негизинде Евразия экономикалык биримдигинин соту уюшулган. Ал учурда биримдикке Казакстан, Россия Федерациясы жана Беларусь мүчө болгондуктан соттордун ишинде адилеттүүлүктү камсыздандыруу максатында иштөө мөөнөтү тогуз жыл деп белгиленип, төрагалык ар үч жылда жаңыланып турмай болгон. Тагыраак айтканда, мүчө болгон ар бир өлкөнүн судьясы соттун төрагалык кызматын аркалаганга мүмкүнчүлүк жаралышы үчүн төрага жана анын орун басары үч жылга дайындалышкан.
Көп өтпөй Армения жана Кыргызстан биримдикке мүчө болгон. Андыктан эми ЕАЭБ сотунун түзүмүнө да өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы жаралды. Мен мындай сунушту быйыл январда кызматка киришкенде эле оозеки киргиздим, кесиптештерим макулдугун берип жатышат. Андыктан 2025-жылы биздин түзүмгө өзгөрүүлөр кирип калышы ыктымал.
— ЕАЭБ сотунун судьяларын ким дайындайт? Курамында канча судья бар жана кайсы жерде жайгашкан?
М.К.: — Ар өлкөнүн мамлекет башчылары талапкерлерди демилгелейт. Аны ЕАЭБдин Жогорку Кеңеши бекитет. Соттордун статусу жөнүндөгү эл аралык келишимге ылайык, ЕАЭБ сотунун штаб-квартирасы Минск шаарында, тарыхы бай, XIX кылымдын аягы XX кылымдын башына таандык кооз имаратта жайгашкан. Жалпысынан 60ка чукул киши эмгектенсе, алардын 10у соттор. Ар бир судьянын бирден кеңешчиси жана бирден жардамчысы бар. Булар судьянын кызматкерлери болуп эсептелип, аны сот өзү дайындайт. Алардын кандай иштээри да документте көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, ЕАЭБ сотунун секретариатында эксперттик-аналитикалык бөлүм бар. Ал бөлүм бир эле биримдиктин ичиндеги келишимдердин же Бажы кодексинин негизинде эмес, бүтүндөй эл аралык тажрыйбалардын, илимий жыйынтыктардын негизинде судьяларга өздөрүнүн сунуштарын берип турушат. Андан сырткары, доо арыздар түшсө да алардын кабыл алынып-алынбасын ушул бөлүм чечип, жүйөлөрүн келтирет.
Учурдан пайдаланып, биздин кыргыз жаштарын мына ушул ЕАЭБ сотунун аппаратына кызматка чакырып кетет элем. Азыркы мезгилде ал жакта эмгектенген бир дагы кыргызстандык жок. Конкурстар жарыяланганда эч ким катышпайт экен, катышса да тажрыйбасы аз, талапка туура келбеген адистер катышып калып өтпөй калышууда. Мындан сырткары, ЕАЭБдин негизги донору, каражаттын 85 пайызын камсыздаган Россиянын жарандары көбүрөөк ишке алынат деген түшүнүк бар экен. Аныгында андай эмес. Биз Минскиде жайгашкандыктан, бул жакта көбүнесе жергиликтүү юристтер эмгектенип жатышат. Ал эми россиялык юристтер айлыгы жакшы болгондуктан биздин сотто эмгектенүүгө анчейин кызыга беришпейт экен. Башка мүчө өлкөлөрдөн конкурса катышып өтүп келгендер аз болууда. Азыр да аппаратыбызга кызматкерлерге конкурс жүрүүдө. Каалоочулар ЕАЭБ сотунун сайтына кирип, вакансия бөлүмү аркылуу 7-мартка чейин документ тапшырышса болот. Андан соң сынактын экинчи этабындагы сүйлөшүү да видеобайланыш аркылуу жүрөт. Конкурска юридикалык билими бар, илимий даражасы болсо андан жакшы, аталган тармакта иш тажрыйбасы бар, эне тили менен орус тилинен сырткары чет тилдерин билген жаштар кабыл алынат. Ошондой эле кийинки жылы секретариаттагы үч жетекчилик кызматка азыркы иштеп жаткандардын мөөнөтү бүтүп, конкурс болот. Ага да катышууну каалагандар азыртадан даярдана беришсе дегим келет. Мындай эл аралык аренада иштөө кыргыз жаштары үчүн мыкты тажрыйба болуп, келечекте өз кесибинин дасыккан адиси болушуна жол ачмак.
— Биримдиктин соту эмне иш аткарат? Жөнөкөй тилде айтканда кимдерди "соттойт"?
М.К.: — Соттордун статусу боюнча регламенттин негизинде 10 судья чогулуп караган коллегия бар. Андан сырткары, бештен бөлүнүп караган маселелер болот. Ар бир өлкөдөн экиден судья болсо, экөө тең бир коллегияга мүчө боло албайт деп регламентте так жазылган. Бештен болгон коллегияда, мисалы, чарба жетекчилеринен келип түшкөн доо арыздар каралат. Алар Москвадагы биримдиктин аткаруу бийлигинин кандайдыр бир чечими менен макул болбой, бизге кайрылышы мүмкүн. Айталы, Бажы кодексине же башка бир эреже, мыйзамдарда алар өздөрүнүн укугу тебеленип, акыйкатсыз чечим чыгып жатат деп эсептешсе, ошол чыгарылган мыйзамды түшүндүрүп берүүнү өтүнүп бизге кайрылышат. Жакында эле бизге Кыргызстан менен Казакстандын бухгалтерлери биригип кайрылды. Алар Москвадагы биримдиктин чыгарган кайсы бир чечими менен макул эместигин билдирип жатышат. Ушул айдын 18инде, беш судьядан турган биздин коллегия карап чыгат. Эгер биз чыгарган бүтүмгө макул болушпаса кайрадан экинчи коллегияга апелляциялык арыз жазып кайрыла алышат. Экинчи коллегиянын чыккан бүтүмдү кароого укугу бар.
Ал эми мамлекеттердин атынан келип түшкөн арыздар же мамлекет башчыларынын атынан доо арыздар болсо, аны 10 судья биригип карайбыз. Көбүнесе мамлекет башчылары өлкө атынан кайрылууга укуктуу бир органды милдеттендирип коет. Ал Юстиция министрлиги болушу мүмкүн, министрликтин алдындагы атайын борбор болушу ыктымал. Мисалы, Казакстанда мындай укукка "Ата Мекен" деп аталган жеке менчик мекеме ээ экен. Өзүнүн процедуралары болот. Мисалы, милдеттүү түрдө өлкөсүнүн Юстиция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине кабарлашы керек, доо арызды дипломатиялык почта аркылуу гана жибериши зарыл. Ушул эрежелер сакталган учурда андай доо арыздарды кабыл алабыз. 10 судья биригип чече турган дагы бир маселе — бул ЕАЭБ сотунун же биримдиктин кызматкерлеринин эмгек маселесиндеги талаштуу учурлары.
Салыштырып айта турган болсок, мисалы, Кыргызстанда Конституциялык сот деген орган бар эмеспи. Ага Конституцияга башка мыйзамдар туура келбей калган учурда же түшүндүрүп, же чечмелеп берүү талабы менен кайрылышат. Биздин ЕАЭБ сотуна да укуктук маселелерде биримдиктин негизги келишимине ага тиркелген ар кандай 30дан ашык эл аралык келишимдер туура келеби, жокпу, түшүндүрүп бергиле деп кайрылышат.
Айжамал Ажибраимова: — Айта кетүүчү жагдай, биз биримдиктин негизги келишиминде бар маселелерди гана карайбыз. Мейли ал бажы тармагында, энергетика же соода тууралуу болсун, ЕАЭБдин башкы келишиминде болушу керек. Ал эми мүчө беш өлкөнүн улуттук деңгээлиндеги мыйзамдарга биз түшүндүрмө бере албайбыз.
— Доо арыз менен кимдер кайрыла алат?
М.К.: — ЕАЭБ сотуна доо арыз менен кайрылуучу жактарды мүчө болгон ар бир мамлекет өзү аныктайт. Жогоруда айтып кеткендей, 10 киши караган коллегияда мамлекеттин атынан келип түшкөн доо арыздар каралат. Бирок ал доо арыздарды мамлекеттин атынан кимдер жибере аларын ошол өлкө өзү бекитет. Ал ошол өлкө макам берип койгон өкмөттүк эмес уюм болушу мүмкүн. Кыргызстан да жакында ЕАЭБ сотуна кимдер кайрыла аларын аныктады, тизмеге үч мамлекеттик эмес уюм да кирди. Андан сырткары, 10 кишилик коллегияга мамлекеттердин атынан Тышкы иштер министрлиги, Юстиция министрлиги кайрыла алат. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен алака түзүп иштешип жаткан, бирок биримдикке кирбеген тараптар болсо, алар да кайрылууга укуктуу. Ал эми беш кишиден турган коллегияга юридикалык жактар, биримдиктин, биримдиктин сотунун кызматкерлери кайрыла алат.
— ЕЭАБ соттору тогуз жылдык мөөнөтү бүткөн соң өз өлкөсүндө макамы кандай болот? Алар кайсы эрежелер менен пенсияга чыгышат? Жергиликтүү соттордон айырмачылыгы барбы?
М.К.: — ЕАЭБдин негизги келишимине тиркелген 32-тиркемеде биримдиктин судьяларынын жана аткаруу бийлигинин иммунитети каралган. Анда ЕАЭБ судьяларынын макамы ар бир республиканын Жогорку сотунун судьяларынын макамына ылайык деп көрсөтүлгөн. Демек, ар бир өлкөнүн судьяларынын макамын караган мыйзамдын негизинде ошол өлкөнүн Жогорку соту кандай шартта пенсияга чыкса, биз да ошондой шартта пенсияга чыгышыбыз керек. Бирок Кыргызстанда бул судьялардын макамын караган конституциялык мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизилген эмес. Анткени буга чейин ЕАЭБдин сотуна судья болуп барып, иштеп келип пенсияга чыккандар боло элек болчу. Уюмдун түзүлгөнүнө быйыл 10 жылга караса, анын судьялары тогуз жылга дайындалып отурбайбы. Андыктан биз учурда кыргыз бийлигине, Жогорку Кеңешке бул мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнү сунуштадык. Ал эми пенсиялык төгүмдөр кадимкидей эле биздин маянабыздан ар бир өлкөнүн Социалдык фондуна чегерилип турат.
— Сиздер эл аралык соттун судьясы кызматын аркалап жатасыздар. Бул бир четинен жооптуу болсо, экинчи тарабынан мекенге болгон сүйүү күчөсө керек. Чечим чыгарарда Кыргызстанга жан тартып жибергиңиздер келген учурлар болобу?
А.А.: — Албетте, биз ал сотто Кыргыз Республикасынын өкүлү болуп отургандыктан биринчи эле кезекте "мен чыгарган чечим мекенге залакасын тийгизбейби" деп ойлоносуң. Бирок мыйзам деген бар, регламентте баары так жазылып турат. Биздин максат — биримдиктин интеграциялоо кадамдарына салымыбызды кошуп, калыс иш алып баруу да. Андыктан эмоция, саясатка карап чечим чыгарууга болбойт. Биз кызматка киришерде ант беребиз, ошол антты сактоо — судьянын негизги милдеттеринин бири. Анын үстүнө бизге эч бир мамлекет жетекчилери тарабынан же башка жактардан көрсөтмө, басым болбойт. Биз мыйзамдын гана алкагында чечим чыгарабыз.
Дээрлик экономикалык маселелер болгондуктан иш ар дайым кызуу. Тарыхты карай турган болсок, Европа эл аралык соту алгачкы жети жылында бир да иш караган эмес. Ал эми биз тогуз жылда 100дөн ашуун ишти карадык. Мында 10 судья чогулуп алып чечим чыгара бербейбиз. Ар бир келип түшкөн доо арыздагы маселе боюнча бардык тиешелүү тараптарга, бардык тиешелүү өлкөлөргө, мамлекеттик органдарга, илимий тармактарга сурам жиберилет. Бир иш боюнча эле орто эсеп менен 60-70 сурам жиберебиз. Бардыгынын жообу талданып, иликтенип, андан соң гана чечим чыгарылат. Коллегиянын 10 мүчөсү тең жалпысынан бүтүм менен макул болуп, бирок анын түзүмүндө ача пикирлер жаралышы ыктымал. Мисалы, бул сүйлөмдө тигил сөздүн ордуна муну жазалы деп бир судья айтса, экинчиси бул терминди колдонолу же алып салалы деп чыгышы мүмкүн. Эл аралык деңгээлдеги бүтүмдөрдү чыгаруунун мына ушундай татаал жактары бар.