Дүйнө кыдырып, залкары, ажосу, чемпиону кийген ак калпак. Көз кубанткан сүрөттөр

Ак калпак күнүнө карата Sputnik агенттиги кызыктуу сүрөт түрмөк даярдады. Мында дүйнөлүк атактуулардын, кыргыздын бычакка сап уулдарынын салттуу баш кийим менен түшкөн сүрөттөрүн көрө аласыздар.
Sputnik
Президент белгилегендей, ак калпак кыргыздар үчүн мыкты табылга, ата-бабадан калган тарыхый мурас, кийинки муундар үчүн мааниси зор таберик. Ошондой эле сыйлуу, барктуу баш кийим.
1 / 21

"Манас" китебин белекке алып, ак калпак кийген Тибеттин руханий лидери Далай-лама. Сүрөт коомдук ишмер Аскар Айтматов Далай-лама менен Индиянын Дарамсала шаарындагы резиденциясында 2016-жылдын 5-декабрындагы жолугушуусунда тартылган

2 / 21

Ак калпак менен Мюнхенди аралаган атактуу балетмейстер Чолпонбек Базарбаев. Анын белгилүү советтик актер Савелий Крамаров менен сүрөтү 1972-жылы Мюнхен шаарында тартылган

3 / 21

Голливуддун актеру жана каскадер Жеки Чандын көркүн ачкан ак калпак. Актер кыргыздардын бир кезде гунндар менен согушканын билип, "Ажыдаар кылычы" деп аталган тарыхый тасмасында кыргыз актерунан кыргызча кыйкыруусун өтүнгөн

4 / 21

Советтик Кыргызстанга адамзаттын тарыхында биринчи жолу космоско учкан Юрий Гагарин 1964-жылы Түркстан аскер округунун чакыруусу менен келген

5 / 21

Ал Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө келип, бир нече күн эс алып кайткан

6 / 21

Чыңгыз Айтматов жазуучулар менен

7 / 21

Ак калпакчан мушкер. Россиялык UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов 2018-жылдын башында АКШнын Бостон шаарында күйөрмандары менен жолугушуудан кийин

8 / 21

Финляндиянын мурдагы президенти Мауно Койвистонун (оңдон үчүнчү) СССРге болгон расмий сапары. Чолпон-Ата шаарынын ат майданындагы майрам

9 / 21

Краснодарда таразага түшүү аземинде Рой Жонс (кичүүсү) Бишкектин герби түшүрүлгөн кыргыз калпагын кийип чыккан

10 / 21

БУУнун мурунку жетекчиси Кофи Аннан Кыргызстанга расмий сапар менен 2002-жылы келген. Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев кыргыздардын меймандостугун көрсөтүүдө

11 / 21

АКШнын Республикалык партиясынын мурунку өкүлү Рон Полго БААУ студенти Эсен Рысбеков белекке калпак тапшырууда

12 / 21

Дүйнөгө аты чыккан бизнес-тренер Брайан Трейси Кыргызстанга келгенде түшкөн сүрөт

13 / 21

"Санта-Барбарадагы" Мейсон — Лейн Девис Кыргызстанга балдары менен келип кеткен

14 / 21

Белгилүү британиялык аткаруучу Крейг Дэвидге кыргыз калпагы менен улуттук стилдеги шахматты бийчи Атай Өмүрзаков белекке берген

15 / 21

Ак калпакчан россиялык музыкант жана таланттуу аткаруучу Михаил Шуфутинский

16 / 21

Калпак Россиянын актеру Ефим Шифринге да аябай жаккан

17 / 21

Президент Садыр Жапаровдун ак калпакчан сүрөтү

18 / 21

Россиянын футзал боюнча курама командасы. Өлкөгө келген спортчуларга улуттук баш кийим кийгизилген

19 / 21

Калпак кийип, кемсел жамынган кыргыздын чемпиондору

20 / 21

Кытайлык кыргыз Мамбеттокто Керимаалы уулу Кытайдын ММА боюнча чемпионатында алтын курду багындырган. Муну менен кытайлык кыргыздарды эле эмес, жалпы кыргыз элин кубанычка бөлөгөн

21 / 21

Бул кыргыз тилинде роликтерди тарткан блогер Анатолий Разгоняев. УКМК төрагасы анын эне тилге кошуп жаткан салымына ыраазычылык билдирип, ак калпак кийгизип, камчы белек кылган

Sputnik Кыргызстан агенттиги калпак тууралуу атайын инфографика даярдап, салттуу баш кийим боюнча кызыктуу лонгрид да жасаган.
Тема боюнча:
Мындай баш кийимдерди издеп таппайсыз! Сиз көрө элек 10 калпактын сүрөтү