Аралаш шайлоо системасында бош мандатты алуу эрежелери эки башка. Бул тууралуу Акбалык Жумалиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айрым учурда мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүгө туура келет.
"Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы аралаш система менен шайланып келген. 90 депутаттын 36сы бир мандаттуу округдардан, 54ү партиялык тизме аркылуу мандат алышкан. Ошого жараша мандатынан ажырагандардын ордуна келүү эрежеси дагы айырмаланат. Мисалы, партиялык системада бошогон мандатка добушу боюнча кийинки орундагысы келе берет. Болгону гендердик баланс бузулбашы үчүн аял депутаттын ордуна айымдар гана келет. Учурда Жогорку Кеңештин округдан шайланып келген эки депутаты өз каалоосу менен мандатынан баш тартты. Мындай учурда президент эки айдын ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Бир гана учурда шайлоо өткөрүлбөйт. Эгер талапкер кезинде соттук процесс жүрүп, ал депутаттык мандатты алган соң күнөөсүн далилдеген соттун чечими чыкса, анда экинчи орунду алган талапкерге мандат берилет. Себеби бул учурда БШКнын чечими жокко чыгып калат", — деди Жумалиева.
Ошондой эле ал мөөнөтсүз шайлоо дайындалгандан кийин кадимкидей эле өтүп, болгону мөөнөтү кыскартыларын кошумчалады.