Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев: Украинанын азыркы бийлиги менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Украина менен сүйлөшүүнүн келечеги туурасында кеп кылып жатып, азыркы Киев бийлигинин диалог курууга жарамсыздыгын белгиледи. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын алкагында өткөн "Знание" коомунун "Знание. Первые" деп аталган марафонунда Медведевден Украина бийлигинен Россия менен конструктивдүү диалог кура турчу кишилер чыгабы деген собол узатышкан.
"Эгерде Украианын азыркы бийлигин айтып жатсаңыз жооп кыска эле болот — жок, анте алышпайт. Андай адамдар болгон эмес, болбойт дагы", — деп жооп берди Медведев.
Ал Киевдин учурдагы бийлиги "Зеленскийдин формуласы" өңдүү "аңкоолордун идеясын" сунуштап жатканын, бирок муну менен катар эле андай нерселердин ишке ашпастыгын түшүнүп тургандарын кошумчалады.
Иш-чара Россия лидери Владимир Путиндин жарлыгынын негизинде 1-7-март аралыгында Сириус федералдык аймагында өтүп, аны Росмолодёжь уюштурууда.
Сириуска барган кыргызстандыктарды кандай тосуп алышты. Дирекция маалымат берди