Бүгүнкү жер титирөөнүн эпиборбору Кемин зилзаласынын очогуна түшкөн

1911-жылы Кеминде болгон зилзала Борбор Азияда жер катуу титиреген учур болуп эсептелет. Очогу Алматыдан 40 чакырым алыстыктагы Чоң-Кемин дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. 500дөн ашык адам өлүп, миңдеген үйлөр кыйраган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бүгүнкү жер титирөөнүн эпиборбору 1911-жылдагы күчү 11 баллга жеткен Кемин жер титирөөсүнүн очогуна түшкөн. Бул тууралуу Илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов социалдык тармактарга жазды.
Бүгүн Кыргызстанда жер титиреп, Казакстан менен Кытайда дагы сезилди.
"Эпиборбордо, тагыраагы, Чоң-Кемин өрөөнүндө болгон жер титирөөнүн күчү алты баллга жеткен. Бул өтө деле күчтүү эмес. Алматы жакын болгондуктан аларга катуураак сезилди (4-5 балл). Бишкекте 3-3,5 балл болду. Негизи бул кадимки эле көрүнүш. Жыл ичинде мындай 5-7ге жакын жер титирөө болот. Бүгүнкүнүн өзгөчөлүгү — 1911-жылдагы Кемин жер титирөөсүнүн очогунда болгондугу", — деди ал.
1911-жылы Кеминде болгон зилзала Борбор Азияда жер катуу титиреген учур болуп эсептелет. Очогу Алматыдан 40 чакырым алыстыктагы Чоң-Кемин дарыясынын өрөөнүндө болгон. Анда 500дөн ашык адам өлүп, миңдеген үйлөр кыйраган.
Бишкекте жер титиреди. Сүрөт, видео, текст