Ысык-Көлдөгү Эңилчек айылында мектеп өрттөнүп кетти. Сүрөт

Облус бийлиги балдар убактылуу айыл өкмөттүн имаратында окуй турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Эңилчек айылындагы мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу облус бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эңилчек айылындагы мектептен өрт чыкты

2 / 2

Кырсык 3-мартта саат 9:00дө катталган. Өрт учурунда мектепте адамдар болгон эмес.

Кырсык 3-мартта саат 9:00дө катталган. Өрт учурунда мектепте адамдар болгон эмес.
Мектепте башталгыч класстагы 23 окуучу билим алат. Имарат 1980-жылы кыштан курулуп, төрт класс, мугалимдер бөлмөсү, ашкана жана жыйындар залынан турат.
"Учурда окуучулардын жана мугалимдердин өмүрүнө эч коркунуч жок. Балдар айыл өкмөттүн имаратында убактылуу билим алышат", — деп жазылган маалыматта.
Президенттин облустагы өкүлү Уланбек Далиев тиешелүү тапшырмаларды берген. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүлүүдө.
Бишкектеги "Шахта" барынан өрт чыкты. Видео