Түрк бизнесмендери америкалык аткаминерлерди сотко берүүгө камынууда

Февралдын соңунда АКШнын Анкара менен Стамбулдагы элчилигинин, ошондой эле консулдугунун дипломаттары түрк фирмалары менен каржы мекемелерин кыдырып жатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Түркиялык бизнесмендердин тобу Россия менен соода-сатык мамилеси үчүн санкция киргизебиз деп коркуткан америкалык аткаминерлерди сотко берүү ниетинде. Бул тууралуу Aydınlık гезитине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Сурамжылоого алынган түрк ишкерлери компаниялар менен каржылык мекемелерге келип санкциялык тизмеге киргизебиз деп коркутуп жаткан америкалык чиновниктердин жана акча которууларды бөгөттөп, бардык жеке маалыматты АКШга берип турган банктар менен алардын бөлүмдөрүнүн үстүнөн сотко даттанууга камынып жатышканын айтты", — деп жазган гезит.
Муну менен бирге басылма АКШнын Соода министрлиги түрк компанияларын санкция менен опузалаган дипломаттар тууралуу маалыматтардын баарын өчүрүп салганын белгилөөдө.
Февралдын соңунда Aydınlık АКШнын Анкара менен Стамбулдагы элчилигинин, ошондой эле консулдугунун дипломаттары түрк фирмалары менен каржы мекемелерин кыдырып жатканын жазган.
Москванын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов АКШ өкүлдөрү Россия менен кызматташкан түрк бизнесине кысым көрсөтүп жатканын айтып, мындай жагдай мамлекеттер ортосундагы алаканын нормаларына каршы келерин эскерткен.
Түркиянын VATAN (Ата Мекен) партиясынын төрагасы Догу Перинчек Анкараны бизнесмендердин Москва менен кызматташканына каршы болуп жаткан америкалык чиновниктерди нон-грата персонасы деп жарыялоого чакырган. Анын айтымында, Түркия менен Россиянын ортосундагы төлөм көйгөйүнөн улам экономика туңгуюкка кептелүүдө.
Россия АКШ менен Европада пайда көрүүнүн дагы бир жолун тапты