ЦРУнун экс-агенти НАТО күчтөрү Украинада эмне менен алек экенин ачыктады

Путин Москванын да душмандашчу тараптын аймагына сокку ура турган куралы бар экенин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. НАТО мамлекеттери менен АКШнын аскер бөлүктөрү Украинада, алар сокку уруучу ракеталык жана артиллериялык түзүлүштөрдүн ишин тескеп жатышат. Бул тууралуу ЦРУнун мурунку аналитиги Ларри Жонсон Judging Freedom YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.

"АКШ менен Түндүк Атлантика альянсынын күчтөрү Украинада! Алар сокку уруучу системалардын ишин көзөмөлдөп жатат. Россия НАТОго мындай аракетин токтотуу боюнча эскертүү берип, болбосо Батыш колу менен жасаганын мойну менен тарта турганын айткан", — деген Жонсон.

Россия президенти Федералдык жыйынга кайрылуу жолдоп жатып Батыш мамлекеттеринин тышкы саясат жаатындагы кооптуу аракеттери менен билдирүүлөрү өзөктүк курал колдонулган жаңжалды жана цивилизациянын жок болуусун шарттап жатканын айткан. Ал Батышта Россиянын Европага кол салары айтылып келерин белгилеп, өздөрү Россиянын аймагындагы сокку уруучу жерлерди карап жатканына токтолгон.
Өлкө башчы Москванын да душмандашчу тараптын аймагына сокку ура турган куралы бар экенин эскерткен. Муну менен бирге Путин Москва Еаропага кол салат деш болбогон кеп экенин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Украинада Батыштын кадрдык офицерлери да бар