Маданият министрлиги Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын маанилүүлүгүн белгиледи

Россиянын Сириус федералдык аймагында өтүп жаткан масштабдуу иш-чарага дүйнөнүн 190 мамлекетинен келген 20 миңдей өкүл катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы жаштар арасындагы глобалдык жаңы чакырыктардын, идеялардын, тажрыйба, маданият алмашуулардын борбордук аянтчасы болуп калат. Бул тууралуу иш-чарага катышкан Кыргызстандын маданият жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев айтты.

"Кыргызстан менен Россиянын жаштар саясаты тармагында кызматташуусу эки өлкөнүн достук мамилесин бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт", — деди фестивалдын "КМШ модели" ишкердик оюну учурунда.

Министрдин орун басары Кыргызстанда өткөн жылы 14 жаштан 35 жашка чейинкилер жаш деп санала турган мыйзам кабыл алынганын эске салды. Буга ылайык, өлкөдө жаштардын саны 2 миллиондон ашат же жалпы калктын 35 пайызын түзөт.
Эске салсак, масштабдуу иш-чара 1-7-март аралыгында Россиянын Сириус федералдык аймагында өтөт.
Ага дүйнөнүн 190 мамлекетинен келген жаш лидерлердин саны 20 миңден ашат. Алар спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият, бизнес жана башка тармактардын өкүлдөрү болуп саналат.
Кыргызстандын атынан фестивалга 231 адам катышары маалымдалган. Иш-чара маанилүү көйгөйлөр талкууланган аянтча болуп бермекчи.
Радио
Россия Кыргызстанда КМШнын клубдар аралык чемпионатын өткөрүүнү сунуштады