Германиянын Коргоо министрлиги өз офицерлеринин сүйлөшүүсүн тыңшаганын ырастады

Кеп немец офицерлеринин "Крым көпүрөсүн кантип бомбалай турганын" талкуулаган сүйлөшүүсү тууралуу болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Германиянын Коргоо министрлиги ARD каналына немец армиясынын офицерлеринин сүйлөшүүлөрүн тыңшаганын тастыктады.

“Биздин баамыбыз боюнча, сүйлөшүү Германиянын Аба күчтөрүнүн люфтваффе секторунан жаздырып алынган. Социалдык тармактарда тараган жаздырылган же чечмеленген версияга өзгөртүүлөр киргизилгенин же киргизилбегенин так айта албайбыз”, деди ведомствонун өкүлү.

1-мартта “Россия сегодня” медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симонян немец офицерлеринин “Крым көпүрөсүн кантип бомбалашарын” талкуулаган сүйлөшүүнүн толук текстин жарыялады. 19-февралдагы сүйлөшүүгө Бундесвер аба күчтөрүнүн командачылыгынын операциялар жана машыгуулар бөлүмүнүн башчысы Фрэнк Греф, Аба күчтөрүнүн инспектору Инго Герхарц жана Бундесвердин космостук командачылыгынын аба операциялар борборунун кызматкерлери Фенске менен Фростедт катышкан.
Маектешкендер бүт операцияны этаптарга бөлүп, Улуу Британияга жардам сурап кайрылууну сунушташкан. Офицерлердин бири Франциянын Rafale истребители колдонулса, чабуул үчүн Taurus ракеталары тартылышы мүмкүн экенин айткан. Сүйлөшүү учурунда немец аскерлери Германиянын изи калбай тургандай чабуул коюунун жолун табууга аракет кылышкан. Украиналыктарды окутуу варианттардын бири болгон.
Германиянын Коргоо министрлиги бул аудиожазуу боюнча РИА Новостиге комментарий берүүдөн баш тартты. Министрлик T-Online жаңылыктар порталынын суроосуна “немец контрчалгын кызматы офицерлердин сүйлөшүүсүнө болгон тыңшоолорду текшерип жатат” деп жооп берди. Bild гезити бул сүйлөшүү анык экенин көп нерсе далилдеп турганын жазды. Бундесвердин талабы менен X социалдык тармагынын немец сегментинде жазууну тараткан бир нече аккаунттар жабылган.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Италияга жасаган иш сапары учурунда сүйлөшүүнү жаздыруу маселеси боюнча кырдаалды тактап берерин билдирди.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова Москва Берлинден түшүндүрмө талап кылганын белгиледи. Ал эми Сергей Лавровдун айтымында, немец офицерлеринин сүйлөшүүсү бир чети таң калычтуу болсо, экинчи жагынан кадыресе көрүнүш. Анткени НАТОдогу кесиптештердин бети калың.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Германиядан Крым көпүрөсү боюнча сүйлөшүүлөргө түшүндүрмө талап кылат