Добуш сатып алууга айыпталган Дамира Ниязалиевага карата соттун чечими чыкты

Саясатчы жана дагы беш адам январь айында күчүнө кирген мунапыс жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен жаза өтөөдөн бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамира Ниязалиева менен дагы беш киши шайлоодо добуш сатып алууга күнөөлүү деп табылды. Ишти Бишкектеги Ленин райондук соту карап, чечим чыгарды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, беш киши – анын штабынын мүчөлөрү жана тарапташтары.
Сот Ниязалиевага жана беш кишиге үч жыл эркинен ажыратуу жазасын тандаган. Бирок январь айында күчүнө кирген мунапыс жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен жаза өтөөдөн бошоткон.
Белгилей кетсек, Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Буга байланыштуу 28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анда алдыга чыккан Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алууга шектелип, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.
Аталган районго депутатты шайлоо кийин 10-сентябрда өтүп, анда жеңишке Кубанычбек Самаков жеткен.
Ниязалиева буга чейин саламаттык сактоо министри, вице-премьер-министр жана Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Кыргызстанда шайлоолорду жекшембиде эмес, жума күнү өткөрүү сунушталды