БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Чылым чегүү адамдын дээрлик бардык органдарына, анын жашоо сапатына жана өмүрүнүн узактыгына таасир берет. Бул тууралуу Россиянын улуттук саламаттык боюнча коомдук ассоциациясынын президенти Андрей Демин Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берди. https://radiosputnik.ru/20240301/kurenie-1929969626.html
"Курамында никотин бар продукциядан, чылымдан жабыркабай турган орган жок. Айрым эсептөөлөр боюнча, тамеки тартууну адат кылгандардын өмүрү 10 жылга чейин кыскарат", – деп белгилеген Андрей Демин.
Анын айтымында, өпкөсү, дем алуу органдары рак болгондордун 90 пайызы – чылым чеккендер.
"Тамеки сексуалдык активдүүлүктү 10-15 жылга кыскартышы мүмкүн", – деген адис.
Демин тамеки тартуу жаман адат гана эмес, наркологиялык көз карандылык экенин да белгилеген.
"Бул адат мээнин биохимиясын биротоло өзгөртөт. Жогорку нерв системаларынын иши бузулуп, адамдын өзүн алып жүрүшү өзгөрөт. Тагыраагы, бул психикалык илдет. Ошондуктан чылым маселесине келгенде адамдын ден соолугу, анын өмүрүнүн кыскарышы тууралуу гана кеп кылуу жетишсиз. Мында адам жашоодо ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп жаткандыгы тууралуу да айтуу зарыл", – деди ал.