Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагондун башчысы: Украина жеңилсе НАТОго Россия менен согушууга туура келет

Ал Украинада жүрүп жаткан атайын операциядагы россиялык аскерлердин ийгилиги “өтө тынчсыздантарын” айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Азыркы чатакта Украинанын жеңилиши НАТО менен Россиянын аскердик кагылышуусуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Ллойд Остин билдиргенин РИА Новости жазды.

"Ачыгын айтканда, Украина жеңилип калса НАТО Россия менен салгылашат деп ойлойм", — деди Остин АКШнын Өкүлдөр палатасынын жыйынында.

Пентагондун башчысы Украинада жүрүп жаткан атайын операциядагы россиялык аскерлердин ийгилиги “өтө тынчсыздантарын” айткан.
"Күн сайын орустар чабуул жасап, аймактарды багындырууну улантып жатканын көрүп жатабыз. Бул өтө тынчсыздандырат”, - деген Остин.
Анын айтымында, Вашингтондун колдоосу жок украин аскерлери артиллериядан, абадан коргонуу системаларынын жоктугунан аксап жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон АКШдан жардам келбесе Украинанын күнү эмне болорун боолголоду