БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобунун башкы редактору Маргарита Симоньян Крым көпүрөсүнө жасалчу чабуулду талкуулаган жогорку даражалуу немец офицерлеринин сүйлөшүүсүн жарыялады.
Диалог 19-февралда Бундесвердин Аскердик аба күчтөрүнүн командачылыгынын операциялар жана машыгуулар бөлүмүнүн башчысы Грефе, Бундесвердин Аба күчтөрүнүн инспектору Герхарц жана Бундесвердин космостук командачылыгынын аба операциялар борборунун кызматкерлери Фенске менен Фростедте ортосунда болгон.
Маекте офицерлердин бири "мен көпүрөнү жок кылууга дагы бир жолу токтолоюн дегем. Биз мунун үстүндө көп иштедик, бирок көпүрөнүн чоңдугу учуп-конуу тилкесиндей бар. Ошон үчүн ага 10 эмес, 20 Taurus ракеталары керек болушу мүмкүн" дегенин угууга болот.
Бул сүйлөшүүнүн толук вариантын шилтемеден окуңуз.