Радио

Аскеров: жатын моюнчасынын ооруларын ракка жеткирбей дарылоого болот

Кыргызстандагы Акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров зыяндуу эрозия эки-үч жылдан 10 жылга чейинки аралыкта ракка өтө баштаарын айтты.
Sputnik
Жатын моюнчасындагы оорунун ракка чейинки бардык стадияларын жана жаңы башталган рагын дарылоого болот. Бул тууралуу Арсен Аскеров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтмында, азыр аялдардын жумуртка резерви эрте эле төмөндөп баратканы байкалат. Ага стресс, депрессия, иммундук системасынын алсыздыгы да таасир этет.
"Эрозия (эктопия) зыяндуу жана зыянсыз болуп бөлүнөт. Эрозияга жыныстык карым-катнашка барган ар бир аял кабылышы мүмкүн. Бирок ал өзүнөн өзү эле ракка айлана бербейт. Жатын моюнчасындагы бактериялар жана вирустардан улам келип чыккан сезгенүүлөр ага таасир этет. Муну менен катар стресс, адамдын иммундук системасынын начарлашынан да көз каранды. Эрозия (зыянсыз эктопия) өспүрүм кезден төрөгөн мезгилге чейин жүрө бериши мүмкүн. Эгер аялдын иммундук системасы жакшы, козгоочу вирустар жок болсо күйгүзүү зарыл эмес. Ал эми эктопиянын жаман түрү дисплазияны кольпоскопиянын жардамы менен текшерип, кестирип алып салуу керек. Азыр илимдин жетишкендиги менен эктопиянын ракка чейинки жаман түрүн тереңдигине, өлчөмүнө жараша күйгүзүп коюшат. Мында вирус өлөт да, жаңы клеткалар анын ордун жаба баштайт. Көпчүлүк учурда ракка жеткирбей дарыласа болот", — деди Аскеров.
Ал аялдар 40 жаштан кийин гинекологго көбүрөөк барып, текшерилип туруусу кажет экенин кошумчалады.