БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Россия — буудайдын глобалдык рыноктогу лидери. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда билдирди.
"Учурда биз өзүбүздү гана азык-түлүк менен камсыздабастан, буудайдын глобалдык рыногунда лидер болуп саналабыз. Биз азык-түлүк экспорттогон алдыңкы 20 мамлекеттин катарындабыз", — деди Путин.
Ал айыл чарба багытындагы жумушчуларга жакшы жыйынтыктар үчүн ыраазычылык билдирди.
Путин 2030-жылга карата агроөнөр жай комплексиндеги өндүрүш 2021-жылга салыштырмалуу төрттөн бирден кем эмес, ал эми экспорт 1,5 эсеге өсүшү керек экенин кошумчалады.