Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу

Россия атайын операциядагы көйгөйдү чечүү үчүн баарын жасайт. Путиндин кайрылуусу

Россиянын Куралдуу күчтөрү болуп көрбөгөндөй согуштук тажрыйба топтоп, андан улам командирлердин бүтүндөй бир тобу өсүп чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин атайын операциядагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн өлкө болгон күчүн жумшаарын Федералдык жыйынга кайрылып жатып айтты.
Ал Россиянын Куралдуу күчтөрү болуп көрбөгөндөй согуштук тажрыйба топтоп, андан улам командирлердин такшалган бүтүндөй бир мууну өсүп чыкканын белгиледи. Бул аскер кызматкерлери бүгүнкү күндө мамлекеттин алдына коюлган маанилүү тапшырманы аткарып жатышат.
"Куралдуу күчтөрдүн согуштук мүмкүнчүлүктөрү бир топ жогорулады. Бөлүктөрүбүз демилгени колго алышкан. Бир топ багыттарда илгиртпей чабуул жасап, жаңы аймактарды бошотуп жатышат. Согушту Донбасста биз баштаган жокпуз. Мен мурда бир нече ирет белгилегендей, нацизмди түп-тамырынан жоюп, атайын операцияда коюлган максаттарды аткарып, жарандарыбыздын эркиндиги менен коопсуздугун коргойбуз", — деп белгиледи Путин.
Россиянын Баш мыйзамына ылайык, президент жыл сайын Федералдык жыйынга кайрылып, өлкөдөгү абалга, анын тышкы жана ички саясатындагы негизги багыттарына токтолот. Президенттик кайрылуу өлкөнүн өнүгүшүнүн векторун аныктап, адатта мыйзамдарга, жарлыктарга негиз болот.
Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу
Путин: ийиндеше туруп, кооптуулук жараткандарга жооп берерибизди далилдедик