Денис Петрашов Азия чемпионатынан дагы бир алтын утту

Муну менен спортчу экинчи ирет Азия чемпиону болду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Филиппиндин Нью-Кларк Сити шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында брасс ыкмасы менен 200 метр аралыктан өтүп, экинчи алтынын алды. Бул туурасында өлкөнүн Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Спортчу 200 метрди 2 мүнөт 12 секундада сүзүп өткөн.
Петрашов буга чейин ушул эле мелдеште 50 метрлик аралыкта да мыктылыгын көрсөтүп, алтын тагынган.
Денис Петрашов АКШдагы беделдүү турнирден күмүш медаль утту