Радио

Өлкөдө бир типтүү мектеп, бала бакча, оорукана жана админимараттар салынат

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Максатбек Молдомырзаев каражатты үнөмдөө үчүн жана курулуш эрежелери өзгөргөндөн улам өлкөдө бир типтүү имараттар салынарын айтты.
Sputnik
Өлкө аймагында салынчу социалдык объектилердин бир типтүү долбоорлорун иштеп чыгуу менен биз имаратты долбоорлоо этабында бир топ каражат үнөмдөй алабыз. Буга чейин бир эле 150 орундуу мектептин долбоордук-сметалык документациясына 631 миӊ доллар каражат сарпталчу. Бул тууралуу Максатбек Молдомырзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бир типтүү социалдык объектилерди долбоорлоо жана салуу иштерине жеке ишканалар тартылды.
"Кыргызстанда мектеп, бала бакча, поликлиника жана административдик имараттардын бир типтүү долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча тапшырма 2023-жылдын май айында берилген. Тилекке каршы, бул иштер өз учурунда аткарылбагандыктан тапшырма бизге келип түштү. Мурда башталган иштерди жүзөгө ашыруу максатында долбоорлоо жаатындагы квалификациялуу адистер менен жолугушуу эми гана өткөрүлдү. Бир типтүү социалдык объектилерди долбоорлоо жана салуу иштерине жеке курулуш компанияларын жардамга чакырдык. Иш-чаранын жүрүшүндө чакырылган адистер долбоордун тиешелүү бөлүктөрүн иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү каалоосун билдиришти. Ага ылайык, сыйымдуулугу 100, 150, 225, 275, 400, 800 жана 1000 орундуу мектептер, 150 жана 300 орундуу бала бакчалар, 60-100 чарчы метрлик жеке турак жайлардын 10 түрүн долбоорлоо, фельдшердик-акушердик пунктулардын (ФАП) 4 түрү жана административдик имараттардын 4 түрү долбоорлонот", — деди Молдомырзаев.
Ал талапка ылайык, бардык шарттары менен (лифт жана имараттын ичиндеги дааратканасы менен) заманбап имараттар куруларын кошумчалады.