Радио

Жороев: эми суюлтулган газдан түшкөн салыктын 50%ы жол иштерине жумшалат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Жол" фондунун анализ жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Сардарбек Жороев "Жол фонду тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизилгенин айтты.
Sputnik
Мыйзамга ылайык, суюлтулган газдан түшкөн акциздик салыктын 50 пайыздан кем эмес бөлүгү жол оңдоо иштерине жумшалат. Бул тууралуу Сардарбек Жороев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Жол" фондуна 2023-жылы 4 миллиард 517 миллион сом топтолду. 2024-жылга 3 миллиард 981 миллион сом түшөрү күтүлүүдө.

"Жол" фонду жолдорду реконструкциялоого жумшалчу каражаттарды топтогон мекеме катары 2021-жылы негизделген. Учурда бул багытка тогуз булактан акча бөлүнөт, келечекте анын санын 16га жеткирүү планы бар. Тогуз булактын бири катары суюлтулган газдын салыгынан түшкөн каражат эсептелет. Автотранспортко пайдалануучу суюлтулган газга акциздик салыкты киргизүү жана аны Салык кодексинин өзгөртүүлөрүнө шайкеш келтирүү үчүн мыйзамга өзгөрүүлөр кирди. Анын максаты — жолдорду куруу, реконструкциялоо, күтүү, техникалык жактан күчтөндүрүү. Анда салыктын базалык ставкасы тоннасына 3000 сом деп белгиленген. 2021-жылга карата автогаз импортунун көлөмү 113 миң тоннаны түзгөн. Ал эми 2022-жылдын 10 айына карата 282 миң 46 тонна болгон. Бул жылдан-жылга импорттун өскөнүнөн кабар берет. Андыктан эми күйүүчү майдын акциздик салыгынын 50 пайызы "Жол" фондуна бөлүнүп, ал оңдоп-түзөө жана аны күтүү иштерине сарпталат. Ал эми башка каражат булактары тууралуу ченемдик-укуктук актылар ылайыкташтырылып, иш жүрүүдө", — деди Жороев.

Адис ККМден, жүк ташуучулардан, таразага тартууда аныкталган ашыкча жүктөрдөн, айып пулдардан, жол боюндагы ар кандай соода түйүндөрүнүн ижара акысынан түшкөн каражаттар да жол оңдоого жана техника сатып алууга жумшаларын кошумчалады.