Осмонов менен Атазов чет өлкөдө экени айтылууда. Алар жумуштан өргүү алышкан

Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгып кетти. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Депутат Шайлообек Атазов
Ага ылайык, Осмонов үй-бүлөлүк шартына (12-майга чейин), Атазов ден соолугуна байланыштуу эс алууну суранган.
Жогорку Кеңештеги маалымат булактар аталган депутаттар Райым Матраимовго байланышкан иштен улам чет өлкөгө чыгып кетишкенин айтууда.
Буга чейин бажычы Матраимов менен байланышы бар делген үч депутат мандатынан ажыратылган. Алар: Нурлан Ражабалиев, Абдыбахаб Боронбаев жана бир тууган агасы Искендер Матраимов.
УКМК Райым Матраимовдун мамлекетке өткөн мүлкүн көрсөттү. Видео