Шойгу: Батыштын бейөкмөт уюмдары Борбор Азияда ишмердигин күчөттү

Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Атайын аскердик операция башталгандан бери батышчыл бейөкмөт уюмдар Борбор Азия менен Россиянын аскердик-техникалык, экономикалык жана маданий кызматташуусун аксатуу үчүн региондо антироссиялык ишмердигин күчөттү. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.
Анын маалыматы боюнча, Борбор Азиянын аймагында Батышка ыктаган 100 ири бейөкмөт уюм иштейт, алардын 16 миңден ашуун өкүлчүлүгү менен филиалдары бар.
"Биз алдын алып эскертүүчү чараларды көрүп жатабыз", — деди Шойгу.
Буга чейин Садыр Жапаров "сөз эркиндигине жамынган" Батыштын айрым долбоорлорун сындаган. Президенттин айтымында, алар иш жүзүндө "мамлекеттик саясатты каралоо жана жалган маалымат таратуу" менен алектенишет. Материал менен кенен таанышсаңыз болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу Украина атайын операциядан бери канча адам жоготконун айтты