29-февралга карата аба ырайы

29-февралга караган түнү Ош менен Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -1...+4, Талас менен Нарын өрөөнүндө -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көлдө +3...+8 градус жылуу болот.
Түнкүсүн борбор калаага туман түшөт. Күндүн табы Бишкекте +2...+4, Ошто +5...+7 градуска жетет.
Март айында аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу