Нарын шаарында Россия кура турган мектеп үчүн үч гектар жер бөлүнөт

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусунун алкагында Нарын шаарынан мектеп куруу үчүн үч гектар жер бөлүнүп берилет. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, 1 200 орундуу орто мектепти курууга көрүлүп жаткан даярдыктар менен таанышуу үчүн Россиядан атайын делегаттар келишкен.
1 / 2

Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусунун алкагында Нарын шаарынан мектеп куруу үчүн үч гектар жер бөлүнүп берилет

2 / 2

Маалыматка караганда, 1 200 орундуу орто мектепти курууга көрүлүп жаткан даярдыктар менен таанышуу үчүн Россиядан атайын делегаттар келишкен

"Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев академик Үсөн Асанов атындагы мектеп-лицей-интернатынын үч гектар жер тилкеси жаңы курула турган мектеп үчүн ылайыкташтырылып жаткандыгын маалымдап, делегаттарга көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган мектептин карамагындагы төрт гектар жерди мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке алуу иштери жүрүүдө. Бул жердин үч гектарына мектептин имараты салынып, бир гектарына куруучулар шаарчасы түшөт.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтү республикада орус тилдүү билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүүнү макулдашкан.
Радио
Былтыр мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатында кол коюлган макулдашуулар