Бийлик Баткен, Алай, Чүйдөгү алтын кендерин казууну пландап жатат

Мындан тышкары, эки кварц кени иштетиле турганы да маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бийлик Кыргызстандагы үч жерде алтын кенин казууну пландап жатат. Бул тууралуу "Кыргыз алтын" ишканасынын директору Кубат Абдраимов "Кабарга" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул долбоорлор жакынкы беш жылда ишке ашырылмакчы.
Алдыда алтын казыла турган жерлер:
Алай районундагы Каракала-Терек кени, алтындын болжолдуу запасы 2,8 тонна;
Баткендеги Чукуш кени, чалгындоо иштери жүрүп жатат;
Кемин районундагы Мироновка кени, запасы 2,6 тонна.
Абдаримов аталган жер казыналарында кошумча чалгындоо жүргүзө турган тилкелер бар экенин кошумчалаган.
"Алтын казуудан тышкары эки кварц кенин иштетүүнү пландап жатабыз. Бүгүнкү күндө бизде керектүү кадрлар жана техникалык потенциал бар. Казармандан да көмүр казуу ниетиндебиз. Кышында "Макмал голд компани" ишканасынын жабдыктары толук кандуу иштетилбей жатат. Техниканы, кадрларды рационалдуу пайдалануу максатында биз башка жактан да көмүр казууну чечтик", — деген ал.
Садыр Жапаров: Кызыл-Омполдо руданы алып чыккан соң буудай, өрүк өстүрсө болот