Пресс-борбор

Алтайлык адис: кыргыздар уруулук түзүлүш аркылуу улутту бекемдей алат

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргыздардын уруулук түзүлүшүн сактап калганы — жакшы көрүнүш. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Алтай Республикасынын эл жазуучусу, Россиянын эмгек сиңирген маданият кызматкери, чыгыш таануучу, түрколог-алтаист Бронтой Бедюров билдирди.
Алтай Республикасынын эл жазуучусу, Россиянын эмгек сиңирген маданият кызматкери, чыгыш таануучу, түрколог-алтаист Бронтой Бедюров
Анын айтымында, бардык эле элдердин мындай түзүлүшү боло бербейт.
"Кыргыздардын 40 уруусу бар, алардын ар бири өз уругун билет. Ошонун негизинде азыркы кыргыз улутун чыңдоого болот. Кээ бирөөлөр уруулук жыйындарды өткөрбөш керек деп ойлойт, бирок бул — жаңылыштык. Себеби эл так ушинтип биригет", — деди Бедюров.
Радио
Омурова: Кең Алтай долбоорунун аймагы кеңейип жатат