Минкаб төрагасы: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 1 млрд. доллар табылды

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бийлик Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 1 миллиард доллар тапты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди.
"Женевадан 500 миллион доллар инвестиция таптык. Ушул жылы көпүрө жана жумушчу айылын курабыз. ГЭСти эксплуатацияга берүү үчүн 4,5 миллиард доллар керек. 28-майда Женевада долбоор тууралуу айтып беребиз. Калган каражатты да табабыз деп ишенем. Бул энергетикалык дефицитти жабууга мүмкүнчүлүк берет", — деди Жапаров.
Садыр Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСтин суусунун пайдасы кошуналарга тиет