Айыл чарба министри суу көйгөйү качан чечилерин айтты

Бакыт Төрөбаев сууну үнөмдөөчү технологияларды активдүү колдонууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Үч-беш жыл аралыгында сууга байланыштуу маселелердин көпчүлүк бөлүгүн чечүү пландалууда. Бул тууралуу "Агродиалог-2024" форумунда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Ал форумдун биринчи күнүндө фермерлер суу тартыштыгы боюнча арызданганын айтты.
"Суу көйгөйүн чечүүгө каражат бөлүнүүдө. Биз суткалык жана декадалык аралыкта жөнгө салынып турган бассейндерди, каналдарды курабыз. Эгер каражат болуп турса 100 пайыз болбосо да, маселенин 80 пайызын чечүүгө аракет кылабыз", — деп убадалады Төрөбаев.
Ал кошумчалагандай, тамчылатып сугаруу боюнча пилоттук долбоорлор бардык райондордо ишке киргизилет. Муну менен катар башка суу үнөмдөөчү технологияларга да көңүл бурулмакчы.
Кыргызстандан 50 миң тонна кумшекер экспорттоо пландалууда