Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды мааракеси менен куттуктады

Жапаров Эрдогандын акылман, даанышман жетекчилиги астында Түркия эл аралык аренада өз ордун бекемдеп, ийгиликтерге жетишкенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 70 жылдык мааракеси менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өлкө башчы түрк лидерине бекем ден соолук, узун өмүр, ошондой эле мамлекеттик ишмердигиндеги ийгиликтерди каалаган.
Жапаров Эрдогандын кадыр-баркы жогору экенин айтып, анын акылман, даанышман жетекчилиги астында Түркия эл аралык аренада өз ордун бекемдеп, бардык тармакта чоң ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. Ошондой эле кыргыз-түрк бир туугандык мамиле мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине терең ишенет", — деп жазылат маалыматта.
Андан соң президенттер эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашканы кошумчаланды.
КРде боор жана чучук алмаштыруу боюнча операцияларды жасоо пландалууда